Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Кыргызстанга кайтып келди

7 октября 2020 08:42 654 Barometr
Поделиться в:
ok

Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Кыргызстанга кайтып келди.

Аны тарапташтары Ош аэропортунан тосуп алышты.

Буга чейин Ош шаардык кеңешинин депутаттары аны муниципалитеттин башчысы кылып шайлоо үчүн кезексиз сессияга чогулганы маалымдалган.

Мелис Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарынын мэриясын жетектеген. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши козголгондон кийин ал Кыргыззстандан качып кеткен.

2015-жылы Ош шаардык соту Шерала Камчыбековдун Оштун мурдагы башчысын күнөөлүү деп таап, сыртынан жети жылга эркинен ажыраткан. Экс-мэр издөөгө алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynyn-murdagy-meri-melis-myrzakmatov-kyrgyzstanga-kajtyp-keldi



Добавить комментарий