Ош шаарынын 43 жаштагы тургуну Алтынай Асанова изделип жатат
Ош шаарынын 43 жаштагы тургуну Алтынай Асанова изделип жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” билдирет.
Аталган маалыматка таянсак, 3-июлда милицияга Толойкан айылынын тургуну 1952-жылы туулган Эргеш Насирдинов кайрылган, ал 1-июлда саат 09:00дө 1978-жылы туулган келини Алтынай Асанова үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин билдирген.
Белгилери: кара тору, чачы кара, бою болжол менен 160-170 см, дене түзүлүшү толук.
Башына ак жоолук салынып, узун көйнөк, кара түстүү бут кийим кийип кеткен.
Асанова тууралуу маалыматтарды билгендер болсо 0555-32-58-51, 0707-61-31-42 телефондоруна байланышууну өтүнүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynyn-43-zhashtagy-turgunu-altynaj-asanova-izdelip-zhatat
Добавить комментарий ×