Ош шаарындагы жоголгон кыздар Бишкектен табылды

17 августа 2018 04:20 1647 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарында  дайынсыз жоголуп жаткан эки курбу кыз Бишкек шаарынан табылды. Бул маалыматты бүгүн, 16-августта Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалым болгондой,  окуучу кыздарды Ош ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү борбордун Жал кичи районунун аймагынан тапкан. Алардын абалы жакшы, телефондорунун кубаты өчүп калган. Эч кандай жаракат алышкан эмес.   Ал эми кыздардын өздөрүнүн айтымында, борборго эс алуу максатында келишкен.  Белгилей кетсек, кыздар  10-августта болжол менен саат 10дор чамасында үйдөн чыккан боюнча кайтып келишкен эмес. Акыркы жолу аларды чогу “Ак-Буура” эс алуу жайынан көрүшкөн.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaaryndagy-zhogolgon-kyzdar-bishkekten-tabyldy



Добавить комментарий