Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн эки адам ууланган
Ош шаарындагы өрттүн себеби балдардын шоктугунан чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 27-октябрда саат 14:06да Ош шаарындагы Алай көчөсүндө жайгашкан №35 көп кабаттуу үйдүн 128-батиринен (4-кабат) өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 2 адам (1 эркек: 1968-жылы туулган, 1 аял: 1968- жылы туулган) түтүнгө ууланышып, ооруканага жаткырылган, абалдары туруктуу.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:05те чектөөгө алынып, саат 15:34дө толук өчүрүлгөн. Өрт болгон аймактан 25 жаш бала куткарылды. Өрттүн кесепетинен батирдин 26 чарчы метр аянты күйгөн. Өрт чыккан аймактан 60 жакын адам эвакуацияланган.
Өрттүн себеби жаш балдардын от менен болгон шоктугу. Келтирилген материалдык чыгым такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaaryndagy-kp-kabattuu-jdn-chykkan-rttn-eki-adam-uulangan
Добавить комментарий ×