Күйөөм УКМК иштейт деп блокпостто тургандарды коркуткан аял аныкталды
УКМК Ош шаарында Өзгөчө кырдаал режимин бузган аялдын ким экенин аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
КР УКМК жеке коопсуздук кызматы блокпост аркылуу өтүү аракетин көрүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин "жолдошум УКМКда иштейт" деп коркуткан фактысы боюнча териштирүү жүргүзүүдө.
Окуя 2020-жылдын 31-мартында Ош шаарынын өткөрмө пунктарынын биринде 15:00 чамасында орун алган. Азыркы учурда аял кишинин ким экени такталды. Ал КР УКМК Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын медициналык пукнтунда жарым күндүк ставкада иштеген, Ош шаардык ооруканасынын дарыгери Аманов Гамилдин аялы болуп чыкты. 2020-жылдын 1-апрелинен тарта дарыгер менен келишим бир тараптуу токтотулду.
Материалдар КР кылмыш-жаза кодексинин 355-беренеси (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаал режимин бузган тараптар үчүн КР мыйзамдарынын чегинде жаза колдонулат.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynda-zgch-kyrdaal-rezhimin-buzgan-ayaldyn-zdg-anyktaldy
Добавить комментарий ×