Ошто «Ак-Тилек» мейманканасында 30 жаштагы аялдын кекиртегине бычак сайып ѳлтүрүп кетишти
Ош шаарында адам ѳлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июльда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы кабарлады.
Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде жайгашкан «Ак-Тилек» мейманканасынын бѳлмѳлѳрүнүн биринен бүгүн 26-июлда, эртең мененки саат 08.30 чамасында жашы болжол менен 30-35 тердеги аял кишинин адам колдуу болуп ѳлтүрүлгѳн денеси табылды. Ѳлүктү кароо учурунда анын кекиртегине сайылган учтуу нерседен каза болгондугу аныкталган.
Кылмышка шектүү катары, Кадамжай районунда жайгашкан чек ара посту аркылуу ѳтүп кетүүгѳ аракет жасап жаткан учурда, Өзбекстан Республикасынын 23 жаштагы жараны кармалды.Ал жасаган кылмышын моюна алып, тиешелүү кѳрсѳтмѳлѳрдү берүүдѳ.Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды.
Бул ѳзгөчѳ оор кылмыш тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басмасѳз кызматы бир аздан соң дагы кошумча маалымат бере турганын кошумчалады.
Добавить комментарий ×