Ош шаарында котлован казуу учурунда сөөктөр табылды

17 июня 2020 16:55 1467 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарынын Жамбыл көчөсүнүн тургуну 2020-жылдын 14-июнь күнү курулуш иши учурунда котлован казуу учурунда жерден сөөктөрдүн калдыгын тапкан. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы.

«Ал сөөктөр аябай эски, карарып кеткен. Кимге таандык экендигин дагы белгисиз. Адамдарга таандык кийим-кече чыккан эмес», - деп билдирет бас сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өткөн кылымдын башында ал жерде мүрзө болгон. 1987-жылы бул аймакка коншулаш жер тилкесине дагы курулуш иштери учурунда сөөктөр чыгып, аларды 1920-1930-жылдарга таандык көмүлгөн адамдарга таандык дешип жыйынтык чыгарып беришкен. Бул тууралуу аталган жерде жашаган жашоочулар айтышууда.

Азыр сөөктөр атайын экспертизага берилген. Жыйынтыгы чыга элек.


Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynda-kotlovan-kazuu-uchurunda-sktr-tabyldy



Добавить комментарий