Ош шаарында башкы балатынын оту жанды
Ошто жаңы жылдык балатынын оту жанды. Бул тууралуу Ош шаарынын тургуну кабарлады.
Анын айтымында балаты абдан кооз жасалгаланып көргөндүн көзүн кубантат
"Кадимкидей майрамдык маанай жаралат экен балатыны көргөндө. Айтып жаткандай биздин шаардын балатысынын бийиктиги Бишкектин балатысы менен тең экендиги да абдан кубандырууда . Шаардык мэрияга рахматыбызды айтабыз." -деди салтанаттын күбөлөрүнүн бири.
Балатыга төбөсүндө күйүп-жанып турган жылдыз орнотулган жаңы жылдын символунун айланасында жомок сезимин жараткан шаарча түшкөн. Андан сырткары, ар кыл түстөгү жаркылдап турган диод лампалар тагылган.
Мэриядан буга бюджеттен 1,5 миллион сом жумшалгандыгын айтышууда.
Эске салсак, борбор калаабыздын башкы балатысынын оту 10-декабрда жанган
Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynda-bashky-balatynyn-otu-zhandy
Добавить комментарий ×