Ош шаарынан этникалык кыргыздарга жардам жөнөтүлдү

22 июня 2020 15:15 911 Barometr
Поделиться в:
ok

Тажикистанда жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  буйругуна ылайык, 2020-жылдын 21-июнунда  Тажикистан Республикасынын Тоолуу-Бадахшан облусунун Мургаб жана Лахш (Жергетал) райондорунда жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде  ӨКМ тарабынан 9 бирдик жүк ташуучу автоунаасына төмөндөгүдөй товардык материалдык баалуулуктар жүктөлүп, Ош шаарынан чыгып кетти. 

Лахш (Жергетал) району:

- 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну;

- 2000 даана жууркан;

- 300 куту тазалык каражаттары.

Мургаб району:

- 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну;

- 2000 даана жууркан;

- 250 куту тазалык каражаттары.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорудагы буйругуна ылайык Афганистан Ислам Республикасынын Чон жана Кичи-Памиринде жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында ӨКМ тарабынан 4 бирдик жүк ташуучу автоунаасына төмөндөгүдөй товардык материалдык баалуулуктар жүктөлүп чыгып кетти:

Чон-Памир:

-  12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну;

- 500 даана жууркан;

- 100 куту тазалык каражаттары;

- 5 тонна жергиликтүү күрүч;

- 1250 литр өсүмдүк майы;

- 10 куту медикаменттер.

Кичи-Памир:

-  12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну;

- 500 даана жууркан;

- 100 куту тазалык каражаттары;

- 5 тонна жергиликтүү күрүч;

- 1250 литр өсүмдүк майы;

- 10 куту медикаменттер.

Гуманитардык жардамды коштоо үчүн экспедициянын улугу КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун  башчысынын орун басары полковник Рыскелдиев Алмаз координациялайт.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynan-etnikalyk-kyrgyzdarga-zhardam-ketti



Добавить комментарий