Акыйкатчы Ош шаарында киргизилген абалга көз салды

25 марта 2020 10:36 1696 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарында жана Ош облусунда короновирусту таркатпоого карата мэриянын иш-аракеттерине Акыйкатчы институту мониторинг жүргүздү.

2020-жылдын 23-мартында Акыйкатчынын Ош шаарындагы жана Ош олусундагы өкүлчүлүгү короновирусту таркатпоого карата мэриянын иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүштү. 

Акыйкатчы өкүлчүлүгү байкоо жүргүзүү үчүн Ош шаарынын борбордук базарын ошондой эле Т. Сатылганов атындагы жана А. Навои атындагы эс алуучу парктарды кыдырышты.

Азык-түлүк саткан гана жактар иштебесе, базардын калган бөлүктөрү жабык. Эшикте киши аз. Анча-мынча көчөдө жүргөндөр беткапчан жүрүшөт. Андан тышкары коомдук транспорт дагы токтотулган. ӨКМдин транспорт каражаттары таң эрте көчөлөрдү дезинфекциялоо менен алек.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaary-karantinde



Добавить комментарий