Ош шаардык милициясы наркотикалык затты сатууга шектүү жаранды кармады
Ош шаардык милициясы Өзгөн районунан наркотикалык затты сатууга шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ИИМдин наркотикалык заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен Өзгөн районунун Ак-Жар айыл айыл аймагынын Большевик айылынын 61 жаштагы «Дудай» аттуу каймана аты бар Х.Х аттуу жашоочусун кармашты. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан алынган ыкчам маалыматтын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ИИМдин аймактык наркотикалык заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Өзгөн районунун Большевик айылынын 1958-жылы туулган тургунунун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.Алынган маалыматка караганда аталган жаран наркотикалык заттарды сатуу менен алектенген. Натыйжада, күбөлөрдүн катышуусундагы тинтүү учурунда, аталган жарандын жашаган үйүнөн болжолдуу салмагы 4 кг. түзгөн, өзгөчө жыты бар (болжолдуу гашиш наркотикалык заты) зат жана сайлуу револьвер үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылды. Бул факт кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине наркотикалык заттарды сатуу белгилери менен катталып, иликтөө иштери башталды.
Добавить комментарий ×