Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык кызматы каракчылыкка шектүү топту колго түшүрүштү

25 декабрь 2018 10:56 1003 Улукман Бейшеналиев
Бөлүшүү:
ok

2018-жылдын 23-декабрь күнү саат 17:30 чамасында, Ош шаарынын А.Масалиев кѳчѳсүндѳ жайгашкан көп кабаттуу үйлѳрдүн биринде жашаган 21 жаштагы аялдын үйүнѳ бир топ эркек жана аялдар киришип, ага бычак такап коркутушуп, үйүнѳн 1500 АКШ доллар акчасын, кымбат баалуу  “Айфон-6”  үлгүсүндѳгү уюлдук телефонун, 13000 сом акчасын, баасы 3500 сомдук курткасын жана башка буюмдарын тоноп кеткен. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.     

Аталган факты боюнча окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын  ыкчам тергѳѳ тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүшүп, тиешелүү аракеттер кѳрүлгѳн. Окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгына “каракчылык” катары катталып КР кылмыш кодексинин 168-беренеси боюнча иш козголгон.

 Жүргүзүлгѳн ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында 23-декабрдан 24-декабрга караган түнү бул кылмышка тиешелүү Ош шаарынын жана Ош облусунун 5 жашоочусу кармалды: 2 эркек, 3 аял. Алардын арасында жашы 18ге толо электер дагы бар.Алардан жабырлануучунун үйүнѳн жоголгон айрым далил буюмдар алынды.

Учурда тергѳѳ иштери башталды. Кармалгандардын баш коргоо чарасы каралууда.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaardyk-ichki-ishter-bashkarmalygynyn-kriminaldyk-kyzmaty-karakchylykka-shekt-toptu-kolgo-tshrsht



Добавить комментарий