Ош ОИИБи "Мыкты Ички иштер органы” аталды

25 января 2019 09:58 1560 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыз республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин коомдук тартипти сактоодо, жарандардын коопсуздугун коргоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жетишкен ийгиликтери үчүн Ош облусунун ички иштер башкармалыгы "Мыкты Ички иштер органы” аталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Мекеме өтмө туу, сыйлык лента, Ардак грамота, атайын вымпел жана 25000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. 

2-орунду  ээлегендиги үчүн,  Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына 15000 сом, 3-орунга Талас облусунун ички иштер башкармалыгына 10000 сом акчалай сыйлык, вампел жана ардак громаталар ыйгарылды. Ошондой эле, Баткен облусунун ички иштер башкармалыгына дагы  10миң сом акчалай сыйлык берилди. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/osh-oiibi-mykty-ichki-ishter-organy-ataldy



Добавить комментарий