Кыргызстан менен Таджикистандын чектешкен аймагында жер титиреди
Поделиться в:
Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 15-январь күнү саат 15:19да Кыргызстан менен Таджикистандын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, Кара-Киндик, Сары-Таш, Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusunun-alaj-rajonunun-bor-db-ajylynda-zher-titir-kattalgan
Добавить комментарий ×