Ош облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду
Поделиться в:
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 30-декабрь күнү саат 12:08де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кашка-Суу, Кара-Кабак жана Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusunun-ajmagynda-ochogunda-kch-4-ballga-zhetken-zher-titir-kattalgan
Добавить комментарий ×