Ош облусунда 12 уй, эки бука жана эки торпок уурдаган үч жигит кармалды
Ош облусунун аймагында мал уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ООИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Ноокат районунда 2019-жылдын 13-октябрына караган түнү арыз менен Гулистан айылынын тургуну 1979-жылы туулган А.А. кайрылган.
Себеби мал сарайында турган эки баш букаларын белгисиз атуулдар уурдап кеткен.
Натыйжада жабырланычууга 90 000 миң сомдук материалдык чыгым келтирген.
Бул факт боюнча Ноокат РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде. Мирмахмудов айылынын тургундары 2000-жылы туулган С.Ж. жана 2001-жылы туулган К.И. изи сууй электе кармалып тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Кара-Суу районунда 2019-жылдын 13-октябрь күнү Катта-Талдык айылынын тургундары 1971-жылы туулган О.Т., 1996-жылы туулган Р уулу А., 1965-жылы туулган А.А. жана Кара-Суу районунун тургуну 1966-жылы туулган С.Тлар арыздары менен кайрылып, 2019-жылдын 3-октябрь күнү Кара-Суу районунун Доңуз-Булак жайлоосунан, Т. Ого таандык болгон эки баш торпок жана эки баш уй, Р уулу Ага таандык болгон эки баш коңур түстөгү, А.Ага таандык беш баш жана Т. Сга таандык үч баш уйларын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдиришкен.
Натыйжада Т.Ого материалдык жактан 160 000 (жүз алтымыш миң) сомдук, Р уулу Ага материалдык жактан 80 000( сексен миң) сомдук, А.Аго материалдык жактан 200 000 ( эки жүз миң) сомдук, Т.Сга материалдык жактан 75 000 ( жетимиш беш миң ) сом зыян келтирген. Жалпы 515 000 (беш жүз он беш миң) сом зыян келтирилген.
Аталган арыздар 2019-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 200-беренин (уурулук) негизинде Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестирине катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын негизинде Кара-Суу РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жогоруда аталган кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну 1987-жылы туулган Д.М. тергөө кызматына камсыз кылынган. Тергөөнүн жүрүшүндө Д.М. жогоруда аталган кылмышты жасагандыгы боюнча шектүү катары суралып, 2019-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын жазык процесстик кодекисинин 98 (кармоонун негиздери) жана 99-беренелеринин (шектүүнү кармоонун тартиби) негизинде шектүү катары кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кара-Суу райондук сотунун 2019-жылдын 15-октябрындагы токтому менен Д.М. бөгөт коюу чарасы катары 2019-жылдын 14-декабрына чейин үй-камагы тандалган.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusunun-ajmagynda-mal-uurulukka-shektlr-karmaldyukka-shektuulo
Добавить комментарий ×