Ош облусундагы Кара-Кулжа-Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды
Ош облусундагы Кара-Кулжа-Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда 4-январь күнү Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 1500 м3 кар көчкү түшкөн.
“Мындан сырткары 70-80-чакырым аралыктарында кар күрткүлөр пайда болуп (50-90см) унаа жолу убактылуу жабылган. Аталган унаа жолунун 47 жана 107 чакырымдарында КР ИИМнин ЖККББ тарабынан атайын посттор уюштурулган.
Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №26 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, №44 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган.
Учурда тазалоо иштеринин жыйынтыгында Кара-Кулжа -Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды, абал тынч”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusundagy-kara-kulzha-alajkuu-zholu-bir-taraptuu-achyldy
Добавить комментарий ×