Ош облусунда жер титиреди
Бөлүшүү:
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
“Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2019-жылдын 2-октябрында саат 12:37де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Аюу-Тапан жана Осоавиахим айылында 2,5 балл чейин сезилген”, - деп айтылат билдирүүдө.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жоктугун ӨКМ кошумчалайт.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusunda-zher-titiredi
Добавить комментарий ×