Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду
Поделиться в:
Бүгүн, 17-июнда Ош облусунунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Саат 06:30да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган”, - деп айтылат маалыматта.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү Ош облусунун Алай районуна караштуу Иркештам, Көк-Суу айылдарында 3,5 баллга, Нура айылында 3 баллга жеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusunda-kch-35-ballga-zhetken-zher-titir-boldu
Добавить комментарий ×