Ош областынын Кара-Төбө ташкөмүр кенин чалгындоого болгон лиценция аукциондон сатылды
Ош областынын Өзгөн районунда ташкөмүр кенин чалгындоого Кара- Төбө кенине аукциондор болуп өттү.
Ушул жылдын ноябрь айынын 22синде Ош областынын Өзгөн районунда Кара-Төбө кениндеги “Кара –дөбө 1” жана “Кара – дөбө2” участокторунда ташкөмүр кенин чалгындоого аукциондор болуп өттү.
“Кара –дөбө 1” участогуна аукциондун катышуучулары:
• ЖЧК «Адылбек»;
• ЖЧК «Цзю Цзю Си»;
• ЖЧК “Жетимиш жети-77”
Баштапкы баа 8590 (сегиз миң беш жүз токсон) АКШ долларын түзгөн. 72000 (жетимиш эки миң) АКШ долларын сунуштап ЖЧМ «Цзю Цзю Си» аукционду жеңип алды.
“Кара –дөбө 2” участогуна аукциондун катышуучулары:
• ЖЧК«Адылбек»;
• ЖЧК«Кара-Алтын ЛТД»;
• ЖЧК “Жетимиш жети-77”;
• ЖЧК “Пэрити Коал”.
Баштапкы баа 15 227 (он беш миң эки жүз жыйырма жети) АКШ долларын түзгөн. 128 000 (жүз жыйырма сегиз миң) АКШ долларын сунуштап ЖЧК “Пэрити Коал” жеңүүчү деп табылды.
Добавить комментарий ×