Ош-Эркечтам унаа жолунда жол кырсыгы катталып 7 жаштагы наристе көз жумду
Ош облусунун Кара-Суу районунда жүк ташыган унаа менен маршруттук такси сүзүшүп, 7 жаштагы бала каза болду. Ошондой эле кырсыктын кесепетинен 3 адам жаракат алып ооруканага жаткырылган. Мындай маалыматты тактоо үчүн Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз өкүлү Алтынбек Теңизбаевге байланышканыбызда төмөндөгүдөй кылып маалымат берди:
“Кырсык 22-декабрь күнү саат 14:53 чамаларда Ош-Эркечтам унаа жолунун Кара-Суу районундагы Шарк айылынын тушунда болгон. 1984-жылы туулган жаран өзүнүн Мерседес-Бенц үлгүсүндө маршруттук таксиси менен эл ташып баратып жол эрежесин бузуп карама-каршы тилкеге чыккан. Ал 25 жаштагы айдоочу айдап бараткан жүк ташыган унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен төрт жаран жаракат алган. Төртөө тең облустук ооруканага жиберилген. Ал эми 7 жаштагы бала алган жаракатынан улам каза болуп калган” – деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, аталган жол кырсыгы боюнча учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-erkechtam-unaa-zholunda-zhol-kyrsygy-kattalyp-7-zhashtagy-nariste-kz-zhumdu
Добавить комментарий ×