Ош базарындагы арабасын жатып алып коргогон Алмакан эженин өздүгүн тактаган документтери да жок экен

12 февраля 2021 18:00 1619 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактардагы видеолордо столдун үстүнө жатып алып, Ош базарындагы соода-сатык кылган арабасын коргологон Алмакан эже менен Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев жолукту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жолугушууда Алмакан эже Ленин районун тургуну экени, шаар ичинде туруктуу каттоосу жана өздүгүн аныктоочу документтеринин жоктугу аныкталды.

“Район башчысы эжени Ленин районуна туруктуу каттого тургузууга, өздүгүн аныктоочу документтерин алууга жардам берерин жана мындан ары муниципалдык администрация социалдык жактан колдоо  көрсөтөрүн билдирип,  Ош базарынын ичинен соода орундарын сунуштады”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 10-февралда мэриянын тийиштүү кызматкерлери Ош базарынын ичинде мыйзамсыз соода жүргүзүп жаткан соодагерлердин орундуктарын алуу үчүн рейдке чыгышкан. Бирок, отурган ордун жоготкусу келбеген соодагерлер каршы чыгышкан. Тинтүү учурунда соода-сатык кылган арабысынын үстүнө жатып алып коргогон аялдын видеосу интернетке таркап, коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылган.

Интернет колдонуучуларынын көпчүлүгү бул окуяны өлкө кризиске батып, жумушсуздук күчөп, жарандар аргасыздан ушундай кадамдарга барып жатат деген ойлорун жазышты. Айрымдары ак мээнети менен балдарына нан таап, багып жаткан эненин кичинекей ордуна тийбей эле коюшса болмок деп жатышты.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-bazaryndagy-arabasyn-zhatyp-alyp-korgogon-almakan-ezhenin-zdgn-taktagan-dokumentteri-da-zhok-eken



Добавить комментарий