Ош базарында мыйзамсыз электр уурдаган жайлар табылды
Ош базарынынын тегерек четиндеги кукуруза, тамак-аш бышырган майда ашканалар уурдап электр жарыгын киргизип алышкан. "Түндүк Электр" ишканасы бир күндүк чыккан рейдден ушундай жерлерден бешөөнү табышкан. Бул тууралуу мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.
"Тез тамак-аш бышыруучу жайлар, кукуруза жана башка майда-барат ишканалар энергияны уурдап пайдаланып жатышкан. Алардын бардыгы ушул Бейшеналиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аралыкта жайгашкан экен"-деп жазды аппарат башчысы.
Ал эми көпчүлүк мэрия ушул Ош базардын тегерек-четин тазаласа жакшы болмок, бирок эптеп жан-багып жаткан элдер жумушсуз калат. Ал жагын дагы ойлош керек-деген билдируүлөрдү калтырышты.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-bazarynda-myjzamsyz-elektr-uurdagan-zhajlar-tabyldy
Добавить комментарий ×