Ош базарында "кайрадан" өрт чыкты
Ош базарында бүгүн, 4-декабрга караган түнү кайрадан өрт катталды. Бул тууралуу күбөлөрдүн бири Barometr.kg сайтына кабарлады.
Кийинчерек, КР ӨКМнын алдындагы өрт өчүрүү жана өрттүн алдын алуу башкармалыгынан да бул маалыматты тастыктады.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу 23:39 да чалуу болгон. Өрт болгон жерге 6 өрт өчүрүү унаасы барган. Тилсиз жоо толугу менен 03:34тө өчүрүлгөн.
"Азыркы учурда окуянын чоо жайы иликтенип, тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. Саналуу сааттардан кийин өрттүн келип чыгуу себептери жана канча көлөмдөгү зыян келтирилгендиги аныкталат" -деди өрт өчүрүү жана өрттүн алдын алуу башкармалыгынын өкүлү.
Эске салсак, буга чейин Ош базарында 3 жолу өрт катталып, соодагерлер ири суммадагы зыянга учураган.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-bazarynda-kajradan-rt-chykty
Добавить комментарий ×