Ош базарына камералар орнотулуп, көзөмөл күчөдү

19 августа 2020 11:08 3464 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек мэриясы "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Ленин районунун бир нече жерине видеокамера коюлганын билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматына таянып “Барометр”  билдирет.

Маалыматта, пандемияга чейин шаардык кызматтар менен райондун акимчилиги "Ош" базарынын аймагына өзгөчө көңүл буруу планын иштеп чыккан.

Шаардыктардын коопсуздугу үчүн Ленин РИИБи сырттан байкоо жүргүзгөн камера орнотту. Аны үчөө айланма камера болсо, жетөө жөнөкөй. Бул аймакта кылмыш көбүрөөк катталары белгиленди. Ал эми Калык Акиев көчөсү, 85 дарегиндеги №1 шаардык милициянын бөлүмү жактагы коомдук байкоо пунктуна төрт камера коюлду.

Муну менен катар учурда Кулиев, Пушкин, Павлов, Бейшеналиева, Бобулов, Рыскулов, Токтогул, Киев көчөлөрүнө жана Чүй проспектине кошумча камераларды орнотуу каралып жатат.

Мындан сырткары, байкоо системасы менен Фучик атындагы парк жабдылып, айланасына 22 камера коюлду.

Мэрия кошумчалагандай, "Коопсуз микрорайон" долбоору боюнча Жал кичи районуна 52 камера туташтырылды.



Ссылка: https://barometr.kg/osh-bazaryna-kameralar-ornotulup-kzml-kchd



Добавить комментарий