Бейтапка бөйрөк 5 мүнөттүн ичинде дрон менен жеткирилди
АКШда "Мэриленд" дарылоо борборундагы бир оорулууга дрон менен бөйрөк алып барышып, орган трансплацияланды. Бул тууралуу ТРТ басылмасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 8 жылдан бери диализге кирип жүргөн оорулууга бөйрөктүн жеткирилиши 5 мүнөткө созулган.
«Бул абдан сонун окуя. Көп убакыт мурда бул эсибизге да келген эмес»,- деди 44 жаштагы оорулуу аял.
Бир орган багышчыдан алынгандан кийин канчалык ылдам жеткириле турган болсо операция ошончолук ийгиликтүү болот.
Жалпысынан органдар ижарага алынган учактар менен ооруканаларга алып барылууда. Бирок кээде аба жолунун тыгыздыгы жана аба шарттары органдын учурунда жеткирилишине тоскоол болууда.
Белгилей кетсек, дрон атайын асмандан тартылуучу тасмалар үчүн чыгарылган жабдык.
Ссылка: https://barometr.kg/oruularga-bjrk-5-mnttn-ichinde-dron-menen-zhetkirildi
Добавить комментарий ×