Орусиянын "Иртыш" футболдук клубунун экс-оюнчусун бычактап өлтүрүп кетишти
Омск шаарында "Иртыш" футболдук клубунун экс-оюнчусу 21 жаштагы Егор Дробыш бычакталып, өлтүрүлдү. Бул тууралуу Life.ru жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Каргашалуу окуя кече, 26-январда болгон. Дробыш досу менен бирге түн ичинде дүкөндөн келе жатышкан. Спортчу жана анын досу мас абалында болушкандыгы такталды. Көчөдөн балдарга эки белгисиз адам бычак менен кол салышкан, футболчу алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган, ал эми 22 жаштагы досу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканы маалым болду.
Милиция кызматкерлери кылмышкерлерди издеп жатышканы кабарланды.
Дробыш “Иртыш” клубунун жаштар курамасынын лидерлеринин бири болгон жана 2019-жылы негизги командада үч беттеш өткөргөн.
Ссылка: https://barometr.kg/orusiyanyn-irtysh-futbolduk-klubunun-eks-oyunchusun-bychaktap-ltrp-ketishti
Добавить комментарий ×