Орусияга агылган мигранттардын саны кескин кыскарганы айтылды

16 декабря 2020 15:29 647 Barometr
Поделиться в:
ok

Орусияда акыркы учурда мигранттардын саны кескин кыскарган. Бул тууралуу орусиянын Ички иштер министрлигинин сайтына жарыяланган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

"Буга чейин өлкөгө эмгек мигранты болуп келгендердин саны 9 миллиондон 11 миллионго чейин жетип келген. Быйыл алардын саны бара-бара кыскарып, учурда 6,3 миллион адамга жетти ", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда, бир миллион адам  орусиянын аймактарында убактылуу жашоого уруксат алышкан.

Департамент ошондой эле, катталган эмгек мигранттарынын көпчүлүгү патенттин негизинде иштешет деп кошумчалады.

"2020-жылдын 1-ноябрына карата Россия Федерациясында патенттин негизинде 1,3 миллион чет элдик жаран иштейт (былтыркы жылдын ушул мезгилинде - 1,7 миллион), анын 85 миңи жумушка орношууга уруксат алышкан. Евразия экономикалык өлкөлөрүнүн жарандары менен профсоюз 368 миң эмгек же жарандык келишим түздү", - деп белгилешти Ички иштер министрлигинен.

Мындан тышкары, Россиядагы чет элдик жарандардын эң көп категориясы ири шаарлардагы жана экономикалык борборлордогу эмгек мигранттары экендиги кабарланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/orusiyaga-agylgan-migranttardyn-sany-keskin-kyskargany-ajtyldy



Добавить комментарий