Орусиядан миңдеген жарандар чыгып кетүүнү каалап, Казакстандын чек арасында турат

22 сентября 2022 16:43 766 Barometr
Поделиться в:
ok

Орус президенти Владимир Путин мобилизация жарыялагандан кийин өлкөдөн коңшу Казакстанга кирип кетүүнү каалагандар арбын болууда. Бул тууралуу соцтармак колдонуучулары жүктөп жаткан видео материалдарга шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Орусия менен Казакстандын чек ара өткөрүү пункттарда турган узун кезек тууралуу видеону жарыялашкан. 

Бул видео Батыш Казакстандын Маштаково-Сырым чек ара бекетинде түн ичинде тартылган.

Мындан тышкары, Telegram каналдарда орус жарандары өлкөдөн чыгып кетүү үчүн жеке тажрыйбалары менен бөлүшүп, Казакстандын чек арасына кирип кетүүнүн жолдорун айтып, бири-бирине жардам берип жатышат. 

Эске сала кетсек, 21-сентябрда Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланды. Орус бийликтери армияга 300 миң запастагы аскерди чакырарын билдирген.  


 

 


Ссылка: https://barometr.kg/orusiyadan-midegen-zharandar-chygyp-ketn-kaalap-kazakstandyn-chek-arasynda-turat



Добавить комментарий