Орусияда журналист өзүн өзү өрттөп, каза болду. Анын өлүмүнө ким күнөөлү?

3 октября 2020 08:52 1796 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын “Коза Пресс” басылмасынын башкы редактору Ирина Славина Нижний Новгороддун облустук милициясынын имаратынын жанында өзүн өрттөп жиберди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Нижний Новгороддун облустук милиция өзүнө өрт койгон адамдын каза болгонун тастыктап, ал журналист Славина экенин ырастады.

Окуя болордон бир саат мурун ал өз жанын кыя тургандыгын билдирген пост жазган. 

Ирина Славина «Фейсбуктагы» баракчасына «менин өлүмүм үчүн Орусия Федерациясын күнөөлөгүлө» деп жазган болчу. 2-октябрь күнү эртең менен Славинанын үйүнө ишкер Михаил Иоселевичке козголгон кылмыш ишинин алкагында тинтүү жүргүзүлгөн. Ишкер Орусияда тыюу салынган уюмдун ишин жүргүзгөн деп айыпталган.

Тергөө комитети маркумдун өлүмү анын өлүмүнүн алдында жүргүзүлгөн тинтүү иштерине байланыштуу деген маалыматка  "эч кандай негиз жок" деп билдирди.

Ирина Славина тинтүү жүргүзгөндөр анын бир нече буюмун алып кетишкенин билдирип, «эмне тапса, баарын - флеш-карттарды, менин, кызымдын ноутбугун, компьютерди, менин жана күйөөмдүн чөнтөк телефонун, бир нече блокнотторду алып кетишти» деп жазган.

"Ага акыркы учурда ушундай кыйын болду. Аны бийлик кысымга алды. Административдик кеңселер, соттор да кысым көрсөтүп туруп алышты. Кечеки үйгө болгон тинтүү акыркы тамчы болду. Кийинчерээк баарын аныктайбыз. Баары күйүп кетти. Анын кийими жок, баары күйүп кетиптир. Келинчегимди тааныдым, ал экендигинен эч кандай шек санабайм”, -деди маркумдун жолдошу Алексей Мурахтаев.

Славина жетектеген «Koza Press» басылмасы Нижний Новгороддун бийлигин сындаган макалаларды жарыялап келген.

“Нижний Новгороддогу "Коза Пресс" басылмасынын башкы редактору Ирина Славинанын өлүмү трагедия, окуянын себептерин тыкыр текшерип чыгуу керек”, - деп билдирди маалымат саясаты боюнча комиссиянын мүчөсү, сенатор Александр Башкин.

Сенатор белгилегендей, мындай учурларда өз жанын кыюуга алып келиши мүмкүн болгон тышкы факторлорбу же башка бирөөлөрдүн таасири бар-жогун түшүнүү үчүн, болуп өткөн окуялардын себептерин кылдаттык менен текшериш керек.

Нижний Новгород облусунун губернатору Глеб Никитин журналист Ирина Славинанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

"Мен Иринанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам. Укук коргоо органдары азыр бул трагедиянын жагдайларын иликтеп жатышат", - деди Никитин журналисттерге.

Ссылка: https://barometr.kg/orusiyada-zhurnalist-zn-z-rttp-kaza-boldu-anyn-lmn-kim-knl



Добавить комментарий