Орусияда жаш балдар менен бара жаткан автобус ала салып кетти, каза болгондор бар

4 февраль 2019 08:54 1783 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Калужская облусунда автобус ала салып кетип, 7 адам каза болду. Алардын төртөө жаш балдар экендиги айтылууда. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматтарга ылайык окуя, кечээ 3-февралда Смоленск-Калуга багыты боюнча бара жатканда болгон. Айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, автобустун ала салып кеткендиги айтылат. Ичинде 48 адам бар болсо, алардын 38и жаш балдар болгон. Аймактык ооруканага 28 адам жеткирилген, алардын 22и жаш балдар. 

Учурда кырсыктын себептери такталууда. Айрым маалыматтар боюнча техникалык мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн деп жазылган маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/orusiyada-zhash-baldar-menen-bara-zhatkan-avtobus-ala-salyp-ketti-kaza-bolgondor-bar



Добавить комментарий