Орусияда кыргыз жаран көп кабаттуу үйдүн чатырын оңдоп жатып кулап кетти. Ал каза болуп калды
Поделиться в:
Кыргызстандык жаран Орусиядагы Александровск-Сахалинск шаарында 5 кабаттуу үйдүн чатырынан кулап кетип каза болду. Бул тууралуу бүгүн Орусия басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 21-февралда болжол менен саат 16:40 чамасында катталган. Жаран кабат үйдүн чатырын оңдоп жатып кулап кетип, алган жаракатынан улам ошол жерден көз жумган. Ал 41 жашта болгондугу айтылды.
Учурда кырсыктын себептери такталууда.
Добавить комментарий ×