Орусияда коронавирус күч алууда

15 июня 2021 12:35 1858 Barometr
Поделиться в:
ok

Орусияда коронавирус менен ооругандардын саны акыркы үч ай ичинде кескин өскөнү кабарланууда. Москвада 15-июндан баштап кошумча чектөөлөр киргизилди. Баш калаада ооругандардын саны 6700 кишиге жеткен. Мындай көрсөткүч 2020-жылдын декабрь айынан бери каттала элек болчу.

   Ишемби күнү Москванын мэри Сергей Собянин 15-19-июнь аралыгын жумушчу эмес күн деп жарыялап, компанияларга кызматкерлеринин бир бөлүгүн аралыктан иштөө режимине өткөрүүгө сунуш кылды. “Пандемиянын эң жогорку көрсөткүчү апрель-май айларына туура келет деп ойлогонбуз, бирок жаңы божомол боюнча июнь-июль айларында күчөшү күтүлүп жатат”, - деп айтты мэр "Россия 1" телеканалындагы билдирүүсүндө.  

Пандемияга байланыштуу Москва шаарында киргизилген кошумча чектөөлөр төмөнкүдөй:

  • Собянин Москва шаарында 15-июндан 19-июнга чейин жумушчу эмес күн деп жарыялады.
  • Компанияларга 30%дан кем  эмес кызматкерлерин аралыктан иштөөгө өтүүгө рекомендация берилди.
  • Ишканалар келип-кетип иштеген жумушчулардын санын мүмкүн болушунча чектөөгө жана жапырт вакцинацияга шыктандырууга милдеттендирилүүдө.
  • 2021-жылдын 13-июнунан 20-июнуна чейин балдардын оюн залдары жана соода борборлорундагы тамактануучу жайлардын иши убактылуу токтотулат.
  • Кафе, ресторан, бар жана түнкү клубдарда 20:00дөн 6:00гө чейин кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат.
  • Ири парктарда аттракциондор, балдардын аянтчалары жана оюнчуктарды ижарага берүү кызматтары жабылат.

Орусия Федерациясынын оперативдүү штабы пандемия учурунда өлкө боюнча ковидден көз жумгандардын саны   126 073 адам болду деп көрсөткөн. Бирок, Росстаттын эсеби боюнча 2020-жылы эле Covid-19дун курмандыктары 144 691 кишиге жеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/orusiyada-koronavirus-kch-aluuda



Добавить комментарий