Россия менен Кыргызстандын күч органдары 810 килограмм героин баңги затын кармады

21 мая 2021 14:56 1359 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Россия менен Кыргызстандын күч органдары тарабынан 810 килограмм героин баңги затына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Россиянын Федералдык бажы кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.  

Маалыматка ылайык, баңги затты ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу Ооганстан, Иран, Пакистандан Чыгыш Европага жөнөтүшмөк. Героин болсо, 200 килограммдан Нидерландыга жеткирилмек. Бирок, коррупциялык схема аныкталып, биринчи төрт партия колго түшүрүлгөн.

"Контрабанданын уюштуруучулары, аткаруучулары жана аларга жардам бергендер кармалды. Алар чет өлкөлүк жарандар болуп чыкты, арасында Евро Биримдик өлкөлөрүнүн жарандары дагы бар.

Атайын операцияны Россиянын Федералдык бажы кызматы жана Кыргыз өлкөсүнүн УКМК кызматкерлери жүргүзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин УКМК Ош облусунда 13-май күнү 440 килограмм героин ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалганын билдирген. Унаадагы героиндин базардагы баасы 20 миллион доллардан ашык сумма экени аныкталган.

Ссылка: https://barometr.kg/orusiya-menen-kyrgyz-lksnn-kch-organdary-810-kilogramm-geroin-bagi-zatyn-karmady



Добавить комментарий