Орусия илимпоздорун чет өлкө менен байланышын чектеди

26 августа 2019 12:20 750 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Жакында орусиялык окумуштуулары бийлик алардын чет өлкөлүк кесиптештери менен карым-катышын чектеген жаңы эрежелерди чыгарганын билдиришти.

Мындай эрежелердин көчүрмөсүн питерлик илимпоз, математик Александр Фрадков 13-августта Орусиянын Билим берүү жана илим министрлигине жолдогон ачык каты менен кошо жарыялаган.

Ага ылайык, орус окумуштуулары чет өлкөлүк илимпоздор менен жалгыз калбашы керек, алардын Орусиядагы келип кетүүлѳрүн өкмөт менен макулдашуу зарыл. Ошондой эле чет жерден келген илимпоздорго Орусиянын аймагында телефон, видеокамера жана турнабай колдонууга тыюу салуу да сунушталып жатат.

Математик Фрадков мындай "акылга сыйбаган" чектөөлөр өлкөнүн кадыр-баркына доо келтирерин, илимий-техникалык өнүгүүгө жолтоо болорун белгилеген.

Бирок Орусиянын Билим берүү жана илим министрлиги жаңы эрежелер милдеттүү түрдө аткаруу үчүн эмес, сунуш катары гана берилгенин билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/orusiya-ilimpozdorun-chet-lk-menen-bajlanyshyn-chektedi



Добавить комментарий