Орусия элчилиги Малаховдун Кыргызстанды басмырлап айткан сөзү боюнча үн катты
Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги белгилүү теле алып баруучу Андрей Малаховдун Кыргызстан жана кыргызстандыктарды басмырлап айткан сөзү боюнча үн катты.
Бул тууралуу элчилик facebook баракчасына жарыялады.
“Малахов - не наш герой. В связи с высказываниями телеведущего А.Малахова можно сказать одно: легко обидеть человека, но трудно с этим жить. Еще хуже, если оскорбляешь целый народ...”, - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Элчилик бул көрүнүшкө көңүл бурганына ыраазычылык айтышкан соц тармактын колдонуучулары посттун астына билдирүү калтырып жатышат. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Эльвита Сурабалдиева да бар.
Эске сала кетсек, “Колбаса королу” атыккан орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александрдын автокырсыкка учурап каза болгон жагдайы Андрей Малаховдун «Түз эфир» телеберүүсүндө талкууланган. Анда алып баруучу Андрей Малахов кырсыкты «кокустук эмес, атайын уюшулган» деп, анын катышуучусу кыргызстандын жаранын бир тараптуу күнөөлөп чыккан.
Андрей Малахов: “Рулда 20 жаштагы бала. Жарым ай мурун башка өлкөдөн келип, такси айдап иштеп жүрөт. Аларга 100 000 доллар берсең, үй бүлөсүн, айылын, бүткүл туугандарын кубантат. Анткени, алар мынча акчаны таба албайт. Аларда айлык 10 доллар», – деп айткан.
Малаховдун мындай сөздөрүнө нааразы болгон кыргызстандыктар андан кечирим сурашын талап кылып, социалдык тармактардан да, Ютуб каналына кайрылуу жасап жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/orusiya-elchiligi-malahovdun-kyrgyzstanga-bajlanyshkan-sz-boyuncha-n-katty
Добавить комментарий ×