Орус президентинин маалымат катчысы Песковдон коронавирус табылды. Ал Путин менен жолуккан
Поделиться в:
Орус президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдон коронавирус табылып, ооруканага жаткырылды.
“Ооба, ооруп калдым. Дарыланып жатам”, — деди ал.
Песков президент Владимир Путин менен бир ай мурун кол алышып, учурашып жолукканын айтты.
Андан сырткары Песковдун аялы Татьяна Навка дагы коронавирус жуккандыктан ооруканага жаткырылганын билдирди.
“Абалым жакшы. Дене табым калыбында. Аялдар ооруну жеңил өткөрөт дегендери чын окшойт”, - деди ал.
Эске салсак, буга чейин Россиянын маданият министри Ольга Любимовадан дагы коронавирус табылган. Андан сырткары курулуш министри Владимир Якушевден жана өкмөт башчы Михаил Мишустинден дагы илдет табылган болчу.
Добавить комментарий ×