Орунбеков: Айгүл Жапарова Таласка келип, байларга саан уйларды таратып кетти делген маалымат жалган
Биринчи айым Айгүл Жапарова Таласка келип, саан уйларды жакыр үй-бүлөлөргө эмес эле, колунда барларга таратып кетти делген маалымат жалган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматта, социалдык байланыш тармактарында биринчи айым Айгүл Жапарованын дарегине туура эмес, жалган маалыматтар айтылып жатканы жазылган.
“Анда, Жапарова Таласка келип саан уйларды тараткан, аны жакыр жашагандарга эмес, байларга бериптир деп айтып жатат.
Бул тууралуу тактоо киргизип коелу, саан уйларды Айгүл Жапарова эмес, ошол аймактагы колунда бар адамдар тарабынан колунда жок, жакыр жашаган адамдарга берилгенин билдиребиз.
Биринчи айым Айгүл Жапарова фонд тарабынан аз камсыз үй-бүлөлөргө акчалай жардам берген. Андыктан, төмөндөгү жарандын таратып жаткан жалган маалыматына ишенбеңиздер”, -деп жазды Орунбеков.
Добавить комментарий ×