Ороктогу үлпөт той ок атышуу менен аяктады
Бишкектин четиндеги Орок айылында ок атышуу болду. Ал кадимки эле үйлөнүү тойдо жаштардын ортосунда болгон чырдан келип чыккан. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Орок айылынын тургунунун үйлөнүү тоюнда жергиликтүү атуул менен Жал айылынын тургуну чырдаша кетет.
Жалдык бала чыр боюнча өз айылдаштарына айтып, алар тезинен чогулуп, массалык мушташ башталат. Окуя 29-сентябрда түнкү 23:50дө болгон. Мушташта ок атылып, эки адам жаракат алып, ооруканага жеткирилет. Ок кандай куралдан атылганы азырынча аныктала элек.
Бул факты Бишкектин Ленин райондук милициясы тарабынын кылмыштардын, жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда ишти андан ары улантуу үчүн окуянын катталган аймагына жараша Сокулук райондук милициясына өткөрүп берилет.
Эске сала кетсек, ушул жылдын июль айында эле аталган айылдын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/oroktogu-lpt-toj-ok-atyshuu-menen-ayaktady
Добавить комментарий ×