Орхан Инандыны табууну талап кылгандар бүгүн да митингге чыгышты (видео)

7 июня 2021 12:08 3828 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Орхан Инандыны колдогон митинг бүгүн,7-июнда дагы уланып жатат. Бул тууралуу Нурсултан Майназаров билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Дайынсыз жоголгон Орхан Инандыны табууну талап кылгандар бүгүн дагы өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышкан.

Эске сала кетсек, Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 31-майда кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.

Президент Садыр Жапаров да дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча УКМКга жана ИИМге тапшырма берген.

Орхан Инанды учурда Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин имаратында болушу мүмкүн, деп Инандынын жубайы Рейхан Ианды билдирген эле.

Ссылка: https://barometr.kg/orhan-inandyny-tabuunu-talap-kylgandar-mitingge-chygyshty-video



Добавить комментарий