Орхан Инанды Түркиядагы Террорчулук менен күрөшүү бөлүмүндө эмес
Түркиянын Чалгын кызматы тарабынан Кыргызстандан уурдалып кеткен педагог Орхан Инанды Анкара Коопсуздук башкармалыгынын Террорчулук менен күрөшүү бөлүмүндө эмес, убактылуу кармоочу жайда экендиги белгилүү болду.
Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды Твиттер тармагында жазгандарында “Кечээ кечинде жолдошума байланыштуу маалыматты тактоо үчүн адвокаты жаза өтөөчү жайга барды. Ал жакта Орхан мырза менен сүйлөштү. Террорчулук менен күрөшүү бөлүмүнө жеткирилгени тууралуу маалымат туура эмес экендигин билдик. Бардыгыңыздарга салам айтып, колдоо көрсөткөндөрүңүзгө ыраазычылыгын билдирди”,-деди.
Орхан Инанды үстүбүздөгү жылдын 31-майында Түркиянын чалгын кызматы тарабынан Кыргызстандан уурдалган. Ал Түркияга алынып келингенин аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган 5-июлда жарыялаган.
Ссылка: https://barometr.kg/orhan-inandy-trkiyadagy-zhaza-tch-zhajda-ekeni-belgil-boldu
Добавить комментарий ×