Орхан Инанды сотто: Мен Кыргызстандын жаранымын, Түркия мени соттогонго акысы жок

17 сентября 2021 16:45 7883 Barometr
Поделиться в:
ok

16-сентябрда  Түркиянын Анкара шаарында "Сапат" лицейлер түйүнүнүн негиздөөчүсү Орхан Инандынын иши боюнча сот процесстери башталды.  

Түркиянын мамлекеттик Anadolu агенттиги берген маалыматка ылайык, Инанды соттук уктурууга түрмөдөн видео конференция аркылуу катышкан.

Айыпталуучу колу сынгандыктан улам сотко даярдана албай калганын билдирип, кошумча убакыт берүүнү сурады.

Ал ошондой эле Түркия аны жоопкерчиликке тарта албасын, анткени ал Кыргызстандын жараны экенин айтып, Түркиянын жарандыгынан баш тартуу боюнч арыз бергенин билдирди.

Сот Инандыны камакта калтыруу чечимин чыгарып, анын коргонууга даярдануу үчүн убакыт сураганын эске алуу менен отурумду 23-ноябрга жылдырды.

Түркиянын прокурорлору Инандыга 15 жылдан 22 жарым жылга чейин жаза берүүнү сурашууда. Ага “куралдуу террористтик уюмду башкарган” деген айып тагылууда.

Эскерте кетсек,  5-июлда Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды MIT – Улуттук чалгындоо уюмунун (Milli Istihbarat Teşkilatı) оперциясынан  улам кармалып Түркияга жеткирилгенин айткан.

Кыргызстандын жараны Орхан Инанды Бишкекте 1-июнда дайынсыз жоголгон.Түркиянын атайын кызматтары эл аралык келишимдерге ылайык Кыргызстандын аймагында бийликтин уруксаты жок атайын оперцияларды жүргүзүү укугуна ээ эмес.

Кыргызстандын коомчулугу түрк атайын кызматтарынын кыргызстандыкты уурдап кетишине абдан нааразы болушкан.

6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кылган.

Орхан Инанды атайын кызматтар тарабынан кармалгандыгы тууралуу маалымат элге айтылгандан кийин Түркиянын ЖМКлары анын кыйналган сүрөтүн жарыялашкан.

Кыргызстандын коомчулугу Инандыга кыйноо көрсөтүлүп жатканын болжоп нааразы болушкан.

Укук коргоочулар Кыргызстандын бийлигинен Орхан Инандыны Бишкекке экстрадиялоону талап кылышкан. Бирок тиешелүү мамлекеттик органдар азырынча бул тууралуу маалымат бере элек. Болгону коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Талант Мамасадыков Кыргызстан өзүнүн жаранын мекенине экстрадициялоону талап кылыш керектигин билдирген.

Орхан Инанды кармалгандан кийин бир айдан кийин аны уурдап бара жатышкандар сындарган колун операция кылышкан.

Жакында Кыргызстандын чек арачыларына Орхан Инандыны уурдоого мүмкүндүк беришкендиги үчүн кылмыш иши козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/orhan-inandy-sotto-men-kyrgyzstandyn-zharanymyn-trkiya-meni-sottogongo-akysy-zhok



Добавить комментарий