Орхан Инанды Кыргызстанга заманбап оорукана курууну кыялданчу

18 июня 2021 11:35 1713 Barometr
Поделиться в:
ok

19 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын аялы Рейхан Инанды Твиттерге күйөөсүнүн эң чоң кыялын жазды.

"Акыркы учурда Орхан мырзанын эң чоң кыялы Кыргызстанга бардык жактан камтылган, мыкты оорукана куруу болчу.Өлкөдөгү эң чоң кемчилик заманбап, мыкты жадылган оорукана жок экендигинде деп, ушул долбоордун үстүндө иштеп жаткан эле", - деп жазды Инандынын аялы.

Орхан Инанды 31-майдын түнүнөн бери дайынсыз болууда. Аны издөөнү Ички иштир министрлиги колго алган. Теги түркиялык мугалим 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ошол эле кезде Түркиянын да жарандыгынан чыккан эмес. Орхан Инандынын тарапташтары аны тезирээк табууну талап кылып Бишкекте бир нече жолу нааразылык акцияларын өткөрүштү.

Президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

https://twitter.com/Reyhaninandi/status/1405471464690757635

Ссылка: https://barometr.kg/orhan-inandy-kyrgyzstanga-zamanbap-oorukana-kuruunu-kyyaldanchu



Добавить комментарий