Организмиден оор металлдарды жана токсиндерди айдап чыгаруучу жашылчалар

9 февраля 2022 15:45 2901 Barometr
Поделиться в:
ok

Адистер организмиден оор металлдарды жана токсиндерди айдап чыгаруучу жашылчалардын тизмегин сунушташууда. 

Капуста 

 Капуста адамдын организминен оор металлдарды жана токсиндерди айдап чыгарат. Мындан сырткары, органикалык кислоталарга бай келип тамак сиңирүүнү жакшыртат. Ошондой эле бул жемиште эң сейрек кездешүүчү U витамини бар. Бул витаминдин коркунучтуу химиялык заттарды зыянсыздандырып, витаминдерди синтездештирип, жарааттарды айыктыруучу касиети күчтүү. Чийки бойдон жесеңиз да, бышырып жесеңиз да капустанын бул касиети ошол бойдон сакталат. 

 Пияз

 Пияздын баалуулугу анын курамындагы эфир майларында кездешүүчү фитонциддерде. Бул зат бир нече секунддун ичинде көптөгөн бактерияларды жана грибокторду жок кылат. Мындан сырткары тамак сиңирүүнү жакшыртып, табитти ачат. Пияздагы көп өлчөмдөгү күкүрт организмдеги бардык зыяндуу заттар менен натыйжалуу күрөшүп, аны жок кылат. Ал үчүн пиязды чийки кезинде салатка кошуп, спирт кошулмасы түрүндө колдонуңуз. Ал турсун сулуулугуңуз үчүн маска катары колдонсоңуз да болот.

Сарымсак

 Билесизби, бир эле тишче сарымсакта 400дөн ашык пайдалуу элементтер камтылган. Алар кандагы начар холестериндердин көлөмүн азайтып, кан тамырларды тазалап, ракты пайда кылуучу клеткаларды өлтүрөт. Ич өткөктүн, кургак учуктун таякчаларын жана ашказандын жараатын пайда кылуучу хеликобактерди жок кылат. Сарымсакты мүмкүн болушунча чийки кезинде майдаланган түрдө колдонгонуңуз жакшы.

 

Ссылка: https://barometr.kg/organizmiden-oor-metalldardy-zhana-toksinderdi-ajdap-chygaruuchu-zhashylchalar



Добавить комментарий