Оренбургдан 1715 мекендешибиз Кыргызстанга кайтып келди

28 августа 2020 09:43 1484 Barometr
Поделиться в:
ok

Россия Федерациясынын Оренбург облусунан мекенге кыргыз жарандары кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Кечээ,  27-августта Кыргызстанга Россия Федерациясынын Оренбург облусунан Казакстандын аймагы аркылуу биринчи колоннада 29 автобус менен 1715 кыргыз жараны кайтып келди.

Учурда 1569 Кыргызстандын жараны экинчи колоннада 25 автобус менен казак-кыргыз чекараларына бет алды, аларды Казакстандын жол полициясы кызматы коштоп келет.

Аталган иш-чаралар биздин жарандарды чыгарып кетүү боюнча КРнын президентинин жана өкмөтүнүн тапшырмаларын аткаруу үчүн  Кыргызстан жана Казакстандын тышкы саясый ведомстволорунун РФтин Оренбург облусунда жүргөн кыргыз жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагы боюнча кезектеги транзиттик коридорду берүү тууралуу макулдашуусунун негизинде ишке ашырылган.

ТИМ РФтин аймагында жайгашкан кыргыз жарандарын Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасы тарапка анын ачылышына чейин өтпөй турууга чакырат.

27-августан тарта жарандар авиабилеттерди авиакассалардан же авиакомпаниялардын расмий сайттарында аралыктан сатып ала алышат.


Ссылка: https://barometr.kg/orenburgdan-1715-kyrgyz-zharan-mekenge-kajtyp-keldi



Добавить комментарий