Оренбургда талаада калган КР жарандарынын айрымдары башка жерге жайгаштыруудан баш тартышууда
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, Россиянын Оренбург облусунун администрациясы бул аймакта өзүн-өзү изоляциялоо режимин сактоо негизинде, Кыргызстандын жарандарын Казакстандын чек арасы ачылганга чейин Оренбург облусунун Бузулук районундагы балдар лагерине убактылуу жайгаштыруу чечимин чыгарды.
Эске салсак, буга чейин Оренбург облусунда талаада калып, ары, же бери кете албай калган КР жарандарынын видеолору тараган. Алар ыйламсырап бийликтен жардам берүүнү суранышкан. Тышкы иштер министрлиги "Барометр" маалымат агенттигине берген түшүндүрмөсүнө ылайык, абал оор болгондуктан көйгөйдү дароо чечүү мүмкүн эмес болуп жатат.
Оренбург шаарындагы Кыргызстандын Ардактуу консулу жана диаспора активисттери жарандарды аталган балдар лагерлерине жайгаштыруу максатында Соль-Илецк шаарынан Бузулук шаарына келишти.
Бузулук шаарынын жанында 70ке жакын КР жарандары бар. Аларды балдар лагерлерине жайгаштыруу боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен иш алып барылууда.
Ошол эле учурда, КР жарандарынын айрымдары балдар лагерлерине баруудан баш тартып, жерге чатырларды орнотууну талап кылып жатышкандыгын белгилейбиз.
Ушул жылдын 7-майында Соль-Илецк шаарынан 541 жараныбыз Казакстан тарабы түзүп берген бир жолку акциянын алкагында транзит коридордон өтүп, Кыргызстанга келишкен жана медициналык байкоого алынышкан. КР ТИМ жарандарыбыздын Соль-Илецк шаарынан алынып келиши РФ аймагындагы башка жарандарыбыздын россия-казакстан мамлекеттик чекарасы тарапка баруусуна түрткү болбошу керектигин буга чейин да маалымдаган.
Ссылка: https://barometr.kg/orenburgda-talaada-kalgan-kr-zharandary-baldar-lagerine-zhajgashtyryldy
Добавить комментарий ×