Оренбург облусунун Бузулук аймагында турган КРдин 448 жараны мекенине алынып келе жатат

22 мая 2020 12:36 1561 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда турган 448 КР жараны Кыргызстанга келүү үчүн Россия-Казакстан чек арасынан өтүштү. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Россиядагы Кыргызстандын элчилиги КРдин Оренбургдагы Ардактуу консулу менен биргеликте Россиянын жергиликтүү бийлик органдырынын кызматташуусу менен жарандарды Бузулук районунан чек арадагы «Сагарчын» көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин алып келүү маселесин иштеп чыгышкан. Учурда Казакстандагы КР Элчилигинин кызматкерлери тарабынан кыргызстандыктарды КР Өкмөтү камсыздаган 9 автобуска отургузуу иштери аяктоодо, алар казак жол полициясынын коштоосунда бирдиктүү колонна болуп казак-кыргыз мамлекеттик чек арасы көздөй бет алышат.

"КР жарандарын алып чыгып кетүү максатында Казакстандын аймагында транзиттик коридор уюштуруп берүү – Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаевдин ортосунда жетишилген макулдашуулардын артынан мүмкүн болду. Чет өлкөдө жүргөн мекендештерди, эл аралык жүргүнчү ташуу билдирүүнүн убактылуу токтошу, күчүндө турган карантиндик чаралар жана коронавирус инфекциясынын жайылуусунан улам киргизилген чектөөлөр шарттарында, мекенине кайтаруу боюнча КР Президентинин тапшырмасын ишке ашыруу улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлиги Россияда жүргөн кыргызстандыктарды Оренбург облусуна барбоого чакырат, анткени Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасы дагы эле жабык бойдон экенин эскертет.

Ссылка: https://barometr.kg/orenburg-oblusunun-buzuluk-ajmagynda-turgan-krdin-448-zharany-mekenine-alynyp-kele-zhatat



Добавить комментарий