«Орел жана решка» телешоусунун Кыргызстан жөнүндө берүүсү сентябрда жарык көрөт

16 июля 2021 14:26 849 Barometr
Поделиться в:
ok

Таанымал болгон «Орел жана решка» телешоусунун алып баруучулары Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинин Туризм департаментинен кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, съемка иштери Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл областтарында жүрдү, ошондой эле Бишкекте 1-июлдан 17-июлга чейин болду.

Бул чыгарылыш тууралуу кеңири маалымат беришкен жок, бирок ал сентябрда чыгары белгилүү болду.

«Орел жана решка» телешоусунун командасы Кыргызстанга бир нече жыл мурда келген.

Ал чыгарылышта алып баруучулар Бишкекти, жайлоо турларын, Ысык-Көлдү жана бүркүт менен аңчылыкты көрсөтүшкөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/orel-zhana-reshka-teleshousunun-kyrgyzstan-zhnnd-bers-sentyabrda-zharyk-krt



Добавить комментарий