Ооруканаларга 560 даана кычкылтек концентраторлору бөлүштүрүлүп берилет

31 июля 2020 11:31 2837 Barometr
Поделиться в:
ok

 Вице-премьер-министри Аида Исмаилова, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана ыктыярсылар «Ас Салам» коомдук фондунун линиясы боюнча келип түшкөн 560 кычкылтек концентраторлорун кабыл алуу жана бөлүштүрүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" берилет. 

Вице-премьер-министр мамлекетке коронавирус пандемиясына каршы күрөштө колдон келген көмөгүн көрсөтүп жаткан «Ас Салам» коомдук фондуна, жалпы волонтерлорго жана дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди. 

«Бүгүн ррезиденттин колдоосу аркылуу «Ас Салам» коомдук фондунун линиясы боюнча республикага 560 кычкылтек концентратору түрүндө гуманитардык көмөк келип түштү. Алынып келинген кычкылтек концентраторлору өлкө президентинин тапшырмасы боюнча курула турган жаңы ооруканаларга бөлүштүрүлүп берилет. Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө салымын кошуп жаткан жактарга ыраазычылык билдирем. Биргелешкен күч-аракеттин натыйжасында биз түзүлгөн кырдаалдан татыктуу өтүп, вирусту жеңип чыгаарыбызга ишенем», - деди вице-премьер-министр.

Ошондой эле, ал белгилегендей, өлкөгө донордук жана эл аралык уюмдардан, волонтерлордон келип жаткан гуманитардык жардамдар комиссиянын чечиминин негизинде ачык-айкын бөлүштүрүлүүдө.

Өз кезегинде «Ас Салам» фондунун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев кошумчалагандай, ушундай кыйын кырдаалда элибиз биримдикте болуп, пандемияга жапырт каршы туруу керек. 

«Биз бири-бирибизге жана мамлекетибизге жардам берип, бири-бизди сындабастан, илдетти жеңип чыгуубуз керек», - деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/oorukanalarga-560-daana-kychkyltek-koncentratorloru-blshtrlp-berilet



Добавить комментарий