Ооруканада чарчап калган 2 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

8 декабря 2018 10:55 1535 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ооруканада чарчап калган эки жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облусттук ИИБнин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Панфилов райондук милиция бөлүмүнө аймактык ооруканага 2016-жылы туулган Х.О. аттуу бала эс учун жоготкон абалда жаткырылгандыгы, анын денесинде көптөгөн тактар бар экендиги боюнча маалымат келип түшкөн. Ыкчам топ ооруканага келип, акыркы убактарда наристе менен жашап жаткан 32 жаштагы аялды суракка алышкан. Сурактын жүрүшүндө баланын өзүнүн апасы 42 жашта экендиги, ал Орусияга иштегени кеткени белгилүү болгон. Ал эми наристени убактылуу кароого алган 32 жаштагы Э.С.аттуу аял күйөөсү менен ажырашып кеткен, өзүнүн да 3 баласы бар экендиги маалым болгон. 

Наристени убактылуу кароого алган аял Кайыңды шаарында 2017-жылдан бери туугандарынын үйүндө жашап келген. Чарчап калган баланын апасы менен Э.С. Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында жашап жүрүшкөндө таанышкан. 

Курбу катары экөө чогуу жүрүп, ушул жылдын ноябрь айында баланын апасы Э.С.га баласын таштап Орусияга кеткен. Аны багып жаткан аял мындан бир нече күн мурун бала 2-кабаттуу керебеттин 2-кабатынан кулап кеткенин, 28-ноябрда эртең менен эсин жоготуп койгонун айткан. Андан кийин Э.С. тууганына чалып, өзү баланы алып ооруканага алып келген. Ал жерден наристени дароо жандандыруу бөлүмүнө кабыл алышкан.

Бул окуяны уккандан кийин баланын апасы Орусиядан кайтып келген. Ал учурда наристе Бишкек шаарындагы аймактык ооруканага жөнөтүлгөн. Бирок абалы начарлап эне-баланы коргоо борборуна которулган. Дарыгерлердин баланы сактап калууга кылган аракеттерине карабастан 6-декабрда наристе эсине келбей каза болуп калган". 

Соттук-медициналык экспертизанын алдын-ала берилген жыйынтыктары боюнча баланын денесинде бир канча жаракаттар бар экендиги аныкталган. Ал эми 32 жаштагы Э.С аттуу аялга психиатриялык экспертиза дайындалды. 

Учурда бул иш боюнча Панфилов РИИБи кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Иликтөө иштери уланууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/oorukanada-charchap-kalgan-2-zhashtagy-balanyn-lm-boyuncha-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий